11

Май

2020

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы кайрадан бейтаптарды кабыл ала баштады

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну баштады. Бирок,  атайын талаптар менен жүргүзүлөт. Ал үчүн райондордо жок операцияларга же жасалма бөйрөк аппаратына муктаждык болсо же сөзсүз облуста каралышы керектиги тууралуу жергиликтүү дарыгерлердин жолдомосу болсо ж.б.у.с себептери менен гана кабыл алынат. Анткени Кыргызстан аймагында COVID-19 илдетин толук жеңе элекпиз. Өзгөчө кырдаал да алына элек. 
Мындан сырткары дарыгерлер нөөмөт менен келген бейтаптарды оорукананын имаратына кире электе дене табын, оорунун белгилерин, чынында ооруканага кайрылуу зарылдыгын көзөмөлдөөдө. 
Эскерте кетсек, коронавирус илдетине кабылган жарандарды дарылоо үчүн изоляция жана обсервацияда жаткандар болгондуктан, оорукана апрель айынын орто ченинен бейтаптарды кабыл алууну чектеген эле.