12
Февраль
Ош облусу менен Япониянын префектуралары «Бир туугандык» мамилелерди түзүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Юсупов Япониянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда мырза менен жолугушту.
Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIKA) "Бир айыл - бир продукт" долбоорун ишке ашырууну Ош облусунда кеңири жайылтуу, Япониянын префектуралары менен Ош облусунун ортосунда "Бир туугандык" мамилелерди түзүү боюнча жана башка эки тараптуу маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Эскерте кетсек, Сигэки Маэда мырзанын Ош жергесине болгон алгачкы иш сапары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
басма сөз кызматы