20
Январь
Ош облусуна Памирден көчүрүлүп келинген кыргыздар окутулууда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип убактылуу отурукташтырылган Памирлик боордошторубуздан кабар алды.
Айта кетсек, Памир кыргыздарынан турган 11 үй бүлөө жакында Сары-Моголдогу пайдаланылбаган мектептин имаратына жайгаштырылган.
Облус башчысынын жеке көзөмөлү менен Памирлик боордошторубузду Кыргызстандын шартында интеграциялоо максатында 17 жаштан 45 жашка чейинки эркектерден турган 1 класс, 17 жашка чейинки балдар жана аялдардан турган 1 класстан турган "Сабаттуулук" класстары өз ишин алып бара баштады.
"Сабаттуулук" класстарында, адеп, мекен таануу, жазуу жана математика сабактары өтүлүүдө. Март айында сабатуулук ачылган соң, кесипке багытоочу курстар уюштурулат.
Иш сапарынын жүрүшүндө Узарбек Жылкыбаев Памирлик боордошторубуздун Кыргызстандын жашоо шартына калыптануусун ылдамдатуу максатында ар бир үй бүлөөгө заманбап телевизорлорду белек кылды.
Өкмөттүн өкүлү өз сөзүндө, бул иш-чара мамлекеттик деңгээлде экендигин белгилеп, баардык мамлекеттик мекемелер жана коомчулук биргеликте иш алып баруусун уюштуруу зарылдыгын белгиледи.
Иш сапардын алкагында Ноокат районунан 100 миң сомдук жардамы берилди. Эске сала кетсек, буга чейин Облустук казыят жана бир катар мекемелер тарабынан турмуш тиричилик буюмдар, жылуу кийимдер, азык-түлүк жардамдары берилинип, жашоого болгон шарттар түзулгөн.
2020-жылдын апрель Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаз айларынан баштап Памирлик боордошторубузду туруктуу турак жай менен камсыздоо иш аракеттерин баштайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
басма сөз кызматы