25

Декабрь

2019

Ош облусунда ишкерлер чогулуп чечим кабыл алышты

25-декабрда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Ош облустук ишкерлердин форуму” болуп өттү. Бул облустагы бардык райондордун ишкерлеринин демилгелерин бириктирүүчү аянт түзө алган 1-форум. 

Иш-чарага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, 7 райондун акимдери, 83 айыл өкмөт башчысы, облустук экотехинспекция, салык, архитектура, укук коргоо тармагынын жетекчилери, эл аралык инвестициялык долбоорлордун өкүлдөрү, 511 ишкер катышышты.  

“Өлкөнүн бакубаттуулуулугу, өнүгүүсү - ата мекендик ишкерлердин  аракетине тыгыз байланыштуу экендиги калетсиз. Андыктан, аларга ыңгайлуу шарт түзүү – барыбыздын милдетибиз”, - деди Узарбек Жылкыбаев, акимдерге, облустук жетекчилерге кайрылып. Аймактарга инвестиция жасоодо, жумушсуздукту жоюуда жана салык төлөөдө өзгөчөлөнгөн ишкерлерге ардак грамоталар, номинациялар тапшырылды

Мындан ары туризм багытындагы ишканаларды жана заманбап үлгүдөгү билим берүүчү мекемелерди ачуу зарылдыгы белгиленди. 

Ишкерлер, кардарлар бири-бири менен жолугушуп, биргелешип иш алып барууга жол ачкан мындай форум ар жылы өткөрүлүп турмакчы.  

Эскерте кетсек, жеке ишкерлердин эсебинен 1 миллиард 988 млн сом болгон 261 обьекттерди куруу иштери жүргүзүлдү. 3 медициналык объекттер, 10 бала бакча, 4 спорт зал, 11 спорттук аянтча, 2 мечит, 10 таза суу түтүктөрүн орнотуу, 221 жана башка обьекттер курулду. Жалпысы 53 социалдык обьектилер курулуп, 1461 жумушчу орундар түзүлгөн. 

Ал эми Ош облусу боюнча 2019-жыл ичинде  түзүлгөн 92 фонддун   каражат көлөмү 3691180, 37 млн сомго жеткен. Натыйжада, 45 социалдык обьектилер курулуп, оңдоп-түзөө жумуштары аткарылып, эл чарбасында 359 жумушчу орун жаңыдан ачылган. 

Облус боюнча 9 млрд. 671 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, бүгүнкү күнү 2 млрд. 372 млн. 802 миң сом салык, жыйымдар мамлекеттик бюджетке чегерилди.

Чет элдик инвесторлордун эсебинен 613 млн 29 миң сом акча каражаты сарпталуусу каралып 83 обьектте курулуш иштери жүргүзүлдү. 3 мектеп, 14 медициналык обьекттер, 5 бала бакча, 6 спорттук аянтча, 13 мечит, 14 таза суу түтүктөрүн орнотуу, 28 жана башка обьекттер курулган


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы