02
Май
Ош облусунда травертинди экспорттоо күчөтүлөт

Өзгөн районунун өнөр жайында Сарыташ кенинен чыккан үлүл таштан декоративдүү курулуш материалдарын чыгаруу өзгөчө мааниге ээ. Жаз мезгили келип таш кесүүчү ишканалар толук кандуу ишке киришип, кардарлардын буюртмаларын аткаруу үстүндө иштешүүдө. Ишканалардын продукциялары чет өлкөлөргө дагы экспорттолууда.
Облуста катталган 57 ири өнөр жай ишканасынан кырдаалга байланыштуу 14 ишкана иштебей турат. Алардын негизинде 1000 жакын адам жумушсуз калууда. Учурда ири ишканалар цемент заводдор Араван ЮКЦ, Синжиприм жана Кызыл-Кыя цемент заводдору өз иштерин башташты, облус боюнча 12 көмүр кендер иштеп жатат жана Өзбек Республикасына экспорттолууда, калган көмүр казуучу ишканалар ремонт, тазалоо, даярдоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы