19
Декабрь
Ош облусунда жаңы окуу жылдын башталышынан бери 11 мектеп ачылды
Ош облусунда жаңы окуу жылдын башталышынан бери 11 мектептин имараты колдонууга берилди. Ал эми Араван районунда ачылган үч мектептин имараты.
Араван районун Төбө-Коргон айылдык аймагынын Кесов айылында жаңыдан курулган Момунжан Умаров атындагы орто мектептин имараты ачылды. Ачылыш салтанатка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазыев, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, райондун аким Айтибаев Курбанбай жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышышты.
Мектептин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучу орунга эсептелген, бирок, учурда 320 бала билим алууда Курулуш 2014-жылы республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 36 млн. сом. Мектеп райондун борборунан 15 км. алыстыкта турат.
«Бул объектилердин баары бирдиктүү стандарт боюнча, бардык шарттары менен курулду жана шаардагы мектептерден кем калышпайт. Бирок мен бул жерден башканы белгилегим келип турат. Эгерде мектепте мазмун, тагыраак айтканда, сапаттуу билим берилбесе мектептерди салуунун мааниси жок. Бул жерде мугалим чоң роль ойнойт. Балдардын кандай билим алары сиздерден гана көз каранды. Азыр маалыматтык технологиялар кылымы, негизинен балдар маалыматты интернет түйүндөрүнөн алат. Мугалимдер биздин доордун акыркы жетишкендиктерин өз ишинде активдүү колдонот жана окуучулардын ар кандай суроолоруна кыйналбай, жеңил жооп берет деп ишенем», - деди Өкмөт башчы.
Өкмөт башчы андан ары Араван районундагы Төбө-Коргон айыл аймагынын Интернационал айылында жаңыдан ишке кирген 5 гектар аянттагы заманбап күнөскананын иши менен таанышты. Азыр бул чарбада аталган айылдын 150гө жакын тургундары эмгектенишип, үй-оокаттарын чындап жатышат. Бул чарбанын кызматкерлери республикабыздын ички базарларынын жана Евроазия биримдигинин мейкиндигинин рынокторунун талаптарына жооп бере турган сапаттагы бадыран, помидор сыяктуу жашылча-жемиштерди өндүрүүгө багыт алышкан.