09

Апрель

2020

Ош облусунда жазгы айдоо иштери 85% га аткарылды

img

Ош облусу боюнча бүгүнкү күндө жалпы 178 430 гектар айдоо жер аянты эсептелген болсо, анын ичинен 92 760 га сугат, 85 670 га кайрак айдоо аянты. 

Облусунун Чоң-Алай районунан башка райондордо жазгы талаа жумуштары башталган, бүгүнкү күннгө жаздык буудай жана арпа  26095  гектарга себилип, 2019-жылга салыштырмалуу 113 га көп себилди, картошка 3516 га, жашылча 2300 ГА  эгилди. 

Учурда Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.   

Айыл чарба техникаларынын даярдыгы облус боюнча 91% түзөт.

Минералдык жер семирткичтер облуска 56 700 тонна керектелсе 2020-жылдын 9-апрелине карата 37000 тонна камсыздалган  же 69 пайыз түзөт. Акыркы бир аптанын ичинде жеке фирмалар тарабынан 9 вагон жер семирткич темир жол станциялары аркылуу келип түштү. Баасы 1 кг Амияк  селитрасы 19-21 сом, карбамид-1 кг 21-24 сом,  Амафос-1 кг 30-32 сомдон сатылууда. 

Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү менен камсыз болуусу:  облуска 50 023,4 тонна керектелсе 42 926,7 тонна үрөн менен камсыздайт же  85,8 пайызды түзөт. Жетпеген  үрөндөрдү республиканын башка аймактарынан алынып келинет. Азык түлүк коопсуздугун сактоо максатында жазгы буудай үрөнүн себүү аянттын көбөйтүү боюнча атайын иш-чаралар бекитилип райондорго тапшырмалар берилди. 

Жалпысынан облустун иригация тармагына 38 млн 393,7 миң сомдук иштер пландалган болсо бүгүнкү күндө 20 млн. 140,4 миң сомдук жумуштар аткарылды же план 52 пайызды түзүп, бирок каржылоо болгону 13,3 млн. сомдун тегерегинде гана бөлүнгөн.  Каналдарды чаап тазалоо жумуштары план 125,1 километр болсо 95 км. тазаланды же 75 пайыз аткарылды. Каналдарды оңдоо жумуштары план 75,1 км болсо 39 км. оңдолуп же 52 пайыз аткарылды. Бүгүнкү күнгө Отуз-Адыр,  Араван-Ак-Буура каналдарында чаап тазалоо жана ремонт  иштери жүрүп жатат.   Бүткөрүлгөн жерлеринде  суу берилүүдө. 

Мал жандыктарды алыскы жана жакынкы жайыттарга чыгаруу боюнча облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте иш-чаралар иштелип чыгарылды, атайын уюштурулган посттордон өтүү козомолдонуудо

Мал чарба продукциялары менен камсыздоодо аймактардагы ири фермердик чарбалар менен сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп, мал союлуучу жайлардан  даярдап шаардын райондордун жана айылдардын азык-түлүк дүкөндөрү, кичи маркет жана гипермаркеттеринде сатуу уюштурулууда. 

Айыл чарбасын каржылоо программасынын негизинде дыйкан фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү толук кандуу жүргүзүлбөй жатат. Себеби карантин абалга байланыштуу нотариалдык конторалар, мамлекеттик каттоо мекемелери толук кандуу иштебей жаткандыктан дыйкан фермерлерге тоскоолдук жаралып жатат.  Бул жагдай жазгы тала иштерине таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан мамлекеттик нотариалдык контора кызматкерлери нөөмөт менен иштөөнү жолго коюу тапшырмасы берилди. Эскерте кетсек, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев 21-матта акимдерге жана айыл өкмөт башчылары, тийиштүү тармактардын жетекчилерине күзүндө дан азыктардын тартыштыгы болбосун алдын - алуу үчүн жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзүп берүү тапшырмасын берген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн

басма сөз кызматы