12

Январь

2019

Ош облусундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусунан гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарындагы эски аянттан Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардамдар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды жөнөттү.

Анда тамак-аш азыктары, ундан жасалган ар түрдүү кесмелер, май, кум шекер, чай, жана кир жуучу каражаттар, ошондой эле курулуш материалдары менен катар, жылуу кийим-кечектер, калың төшөнчүлөр бар.

Бир эле Чүй облусунан жалпысынан 90 тоннадан ашык гуманитардык жардам берилди. Облустан көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 2 млн 600 миң сомду түзөт.

Жардам чогулган жерге Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев чыгып, жалпысынан биринчи кезекте 441 кожолукка жардам берилет. Андан соң социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлөт. Алардын баары толук камсыз болгондон кийин кезек менен муктаж болгондордун жалпысына колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

«Биз бул жардамдар менен эле токтоп калбайбыз. Азыркы тапта банкта эсеп төлөмдөрү ачылып, ал жакка да түрдүү мекеме-ишканалардан, жергиликтүү бийлик органдарынан жана жеке каалоочулардан ар-кандай суммада акчалай жардамдар келип жатат. Азыркы гуманитардык жардам жүктөлгөн унаалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча бөлүмүнө барып түшүрүлүп, ар бир жабыркаган айылдарга  бөлүнөт. Жеткирилген жардамдар айылдардан элдин көз алдында, муктаж болгондорго тизме боюнча акыйкат жана ачык таркатылат»,- деди Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев.

Гуманитардык жардамды Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү коштогон топ жеткирип барат. Жолдон Талас жана  Жалал-Абад облусунан да гуманитардык жардамдар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалар кошулмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү