06
Май
Ош облусунун аймагында 2500 дөй турак-жай көчүрүлүүгө тийиш

Жаз-жай айларындагы сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктардан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Алай, Өзгөн, районундагы калктуу конуштарды нөшөрлөп жааган жаандын кесепеттеринен алдын алуу максатында кооптуу участокторду, суу каналдарын тазалоо кызуу жүрүүдө.
Тактап айтканда, бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында 2488 турак-жай көчүрүүгө тийиш анын ичинен 1119 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин албагандар (көчүрүлбөгөндөр) 1369 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин алып көчпөгөндөр болуп аныкталып.
Бүгүнкү күндө 1993 үй-бүлөгө жекече эскертмелер берилди. (Өзгөн районунан 300 үй-бүлө Россия Федерацияда, 100 үй-бүлө жайлоодо 93 үй-бүлө туугандарыныкында жалпы 493 үй-бүлө эскертме берүү мүмкүнчүлүк болгон жок, 2 үй-бүлө Алай районунда эскертме бергенге мүмкүнчүлүк болгон жок).
Андан сырткары жергиликтүү органдарга КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы жана өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти менен биргеликте 104 эскертме баракчалары берилди.
Бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 83 чатыр райондорго жеткирилди:
Алай районуна 48 чатыр жеткирилип;
Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылына 18 чатыр, Чакмак айылына 2 чатыр жалпы 20 чатыр тигилди;
Будалык айыл аймагынын Тамга-Терек айылына 2 чатыр , Октябрь айылына 4 чатыр, Кара-Суу айылына 4 чатыр, жалпы 10 чатыр тигилди;
Корул айыл аймагынын Тогул-Булак айылына 2 чатыр, Кен-Жылга айылына 3 чатыр жалпы 5 чатыр тигилди; Ленин айыл аймагына Мурдаш айылында 8 чатыр коронгодо турат;
Коңур-Дөбө айыл аймагы Арпа-Тектир айылында 5 чатыр коронгодо турат.
Ал эми Кара-Кулжа районуна 15 чатыр, Өзгөн районуна 20 чатыр жеткирилип, жергиликтүү бийлик менен макулдашууда турат
https://m.youtube.com/watch?v=rkSnzVh_i_I&feature=youtu.be
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
басма сөз кызматы