10

Январь

2021

Ош облусунун аймагында 750 миңге жакын шайлоочу катталган

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ЖАРАСУЛ АБДУРАИМОВ 10 - январь күнү Бишкек шаарынын #1120 участогунан добуш берди.

Ош облусунда шайлоочулар тууралуу маалымат:

Ош облусу боюнча 512 шайлоо участкасы бар. Алай районунда 43, 

Араван районунда 47,

 Кара-Кулжа районунда 47, 

Кара-Суу районунда 154, 

Ноокат районунда 101, 

Өзгөн районунда 103, 

Чоң-Алай районунда 17. 

Участкалык шайлоо комиисияларын мүчөлөрү 6496.

Шайлоочулардын жалпы саны 722933: Алай району 48512, Араван району 77122, Кара-Кулжа району 48835, Кара-Суу району 243950, Ноокат району 147188, Өзгөн району 139397, Чоң-Алай району 17929 адам.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана имараттан сыртта шайлоого катыша тургандардын шайлоочулардын саны 4412.

Алай району 512, Араван району 343, Кара-Кулжа району 420, Кара-Суу району 703, Ноокат районун 1500, Өзгөн району 770, Чоң-Алай району 164 адам. 

Бардык шайлоо участкаларына берилүүчү автоматтык эсептегич урналары даяр. Компьютер жана орг техникалар менен камсыздалды. 

Генераторлор менен камсыздоо боюнча, облустагы 512 участкада бүгүнкү күнү 100 % камсыз болду.

512 шайлоо учаткасы интернет байланышы менен толук камсыз болгон.

Бюлеттендер облустагы 512 шайлоо участканын бардыгына таратылып берилип, ички иштер органдары тарабынан күчөтүлгөн кайтарууга алынды.

Облустагы 512 шайлоо участканын кире бериштерине атайын дезинфекциялоочу килемчелер салынып, беткап, колкаптарды таштоого урналар коюлду. Шайлоочулардын социалдык аралыгын сактоо үчүн жерге ленталар чапталды. Аймактык шайлоо комиссиясы аркылуу шайлоочуларга жетиштүү санда маска, кол каптар жана антисептиктер менен камсыз кылынды.

Облустагы 512 шайлоо участкалыры имаратты жылытуучу аппараттар жана движоктор менен камсыздалды.

Облустун аймагындагы шайлоо участкаларын дезинфекциялоо иштер жүргүзүлдү.


Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы