17
Май
Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев энелерди куттуктады

Урматтуу энелер, кадырлуу апалар!
Сиздерди Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан ыйык майрам-Энелер куну менен чын ыкластан куттуктаймын.
Алмустактан бери элибиз энени сыйлап, энеге таазим этип келет. Жөн жеринен "Энелер -дүйнө түркүгү" деп айтылбаса керек. Эне-улуу, эне сүтү- ыйык. Ар бирибизге эне деген сөз кымбат, анткени эне – өмүр башаты, эне бизди жарык дүйнөгө алып келип, тун уйкудан кечип, бешик ырын ырдап, алдейлеп чонойтот.
Адамзаты жаралганы дүйнөдө, коомдо канчалаган өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр жүз берди. Алардын баарын энелер өздөрүнүн назиктигине карабастан тең көтөрүп, тең катышып, жашоону тең улантып келишет. Коомдун прогрессивдуу өнүгүшүнө өздөрүнүн салымын кошуп, бардык тармактарда оз эмгегин арнап келатат. Тынч мезгилде, ааламды кайгырткан согуш мезгилинде да энелер кайраты менен бардык кыйынчылыктарды женишкен. Учурда да энелер үй-бүлөдө, коомдо оз вазипасын татыктуу аткарып жатышат. Эл чарбасынын бардык тармактарында эмгектенишип, коом жүгүн бирдей колго алышууда.
Бүгүнкү жеңил эмес жагдайда да медицина тармагында коронавирус дартына чалдыккандарды дарылоодо чоң күч болушууда. Адам өмүрү учун күн-түн дебей күрөшүүдө.
Ошондой эле билим берүүнү мыкты алып барышууда. Жашыруун эмес бул тарамактарда иштегендердин көпчүлүгү аялзаты, энелер. Ал эле эмес укук коргоо органдарында, башкаруу системасында да тынымсыз кайраттуулукта эмгектенишүүдө.
Мамлекетибиз, Өкмөтүбүз тарабынан энелер учун камкордуктарды көрүлүп, жакшы шарттарды жаратууга багыт алынган. Алар жана балдар учун бир катар программалар иштеп жатат. Бул багытта дагы көп иштер аткарылышы анык.
Кадырлуу энелер! Коомдун уюткусу болгон үй-бүлө, тарбия менен таалим, тынчтык менен ынтымак, кечиримдүүлүктун башатында турмуш туткасын бек кармап, бар болунуздар. Сиздерге чың ден-соолук, сулуулук, бакыт-таалай, бакубат, узун өмүр каалаймын.
Узарбек Жылкыбаев,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү