30

Август

2016

Ош шаарына Москва шаарындагы өрт учурунда каза болгондордун сөөгүн алып келген атайын борт келип конду

Ош шаарына, бүгүн, 29-августта, Москва шаарындагы өрт учурунда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн туугандарынын жана КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева баштаган КР Өкмөтүнүн Жумушчу тобунун коштоосунда алып келген атайы борт келип конду.

Аэропортто «200-жүктү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ноокат, Араван, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрация башчылары менен  Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары тосуп алды.

Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү Кыргызстан ӨКМ өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынан акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет.

Атайы борт андан соң Бишкек шаарындагы «Манас» Эл аралык аэропортуна багыт алат.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Москва шаарындагы өрттүн кесепетинен каза болгон мекендештердин тизмеси жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын тизмеси:

1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы Акбулуң айылынын тургуну;

2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын тургуну;

3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызкөл айылынын тургуну;

4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районундагы Төлөс айылынын тургуну;

5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын тургуну;

6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Курулуш айылынын тургуну;

7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун куршаб айылынын тургуну;

8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;

9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Алай районундагы Кабылан айылынын тургуну;

10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районундагы Төлөс айылынын тургуну;

11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Ош облусунун Кара-суу районундагы Кара-Дөбө айылынын тургуну;

12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарынын тургуну;

13. Алабердиева Кыял Дөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылынын тургуну;

14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү