22

Декабрь

2019

Ошто облус башчысынын шахмат боюнча кубогу өттү

22-декабрь күнү Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шахмат боюнча кубогы жыйынтыкталды. Сыйлык тапшыруу салтанатына облус башчысы  шахмат оюнун интелектуалдык спорт катарында өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, жыл сайын ири масштабда өткөрүп берүү ниетин билдирди. 

19-декабрь күнү ачылыш аземине Узарбек Жылкыбаев катышып, балдарга ийгилик каалап: "Шахматчы балдардын арасында келечекте ойлоп табуучулар, илимпоздор, чыгаан математиктер көп чыгат. Мен ишенем силердин араңарда келечектеги Кыргызстанды өзгөртө алчу стратег, жаратмандар олтурат", - деп белгилеген 

Кубокко Ош, Жала-Абад жана Баткен облустары жана Ош шаарынын келишкен 82 шахматчы "Мырзалар", "Айымдар", "Уландар" жана "Кыздар" категорияларына бөлүнүшүп таймашышты. 

Жеңишке ээ болгондор байгелүү орундарды ээлешип, кубок, диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Байге фонду 50 миң сомду түздү. Мелдеште - Шахмат боюнча эл аралык деңгээлдеги калыс Даниял Абдивалиев калыстык кылды.                                    

                                                               

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы