12
Январь
Ошто Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү белгиленди

Бүгүн 12-январда Ош шаарында Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Ага Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынан, “Рыспай Абдыкадыров” атындагы фондунан, маданият интеллегенциясынын өкүлдөрү, Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жамааты, обончунун замандаштары, туугандары, үй бүлөө мүчөлөрү катышышты.
Иш-чара адегенде, Р.Абдыкадыровдун бейитине зыярат кылып башталды. Андан соң, филармониянын алдындагы айкелине гүл коюлуп, эскерүү кечеси болду. Кеченин аягында келгендерге обончунун ырларын жаңырткан концерт тартууланды.
Рысбай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунда туулган. Ал чыгармачылык өмүрүндө 200 ашуун обон жаратып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Абдыкадыровдун ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирген.
Ушул жылдын жай айларында залкар таланттын кичи мекени Кара- Кулжа районунда 80 жылдык эскерүү салтанаты өткөрүлөт. Мааракенин алкагында аткаруучулардын конкурсу да уюштурулмакчы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
басма сөз кызматы