23
Январь
2012
2012-жылдын 23-январында “Түндүкэлектро” ААКнын Директорлор кеңешинин отурумунда аталган компаниянын Генералдык директору Нурлан Кайдуевди жана Техникалык директору Кубанычбек Турдубаевди кызматынан алуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 19-январында Өкмөттүн кеңейтилген отурумунда КР Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусуна ишиндеги кемчиликтери үчүн “Түндүкэлектро” ААКнын Генералдык директорун жана Техникалык директорун кызматтан алууну сунуштоо боюнча тапшырма берген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү