08

Декабрь

2014

Ички иштер органдарынын жетекчилик курам кызмат орундарына тандап алуу сынак негизинде жүргүзүлөт

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев тарабынан укук коргоо кызматкерлерине карата жарандардын ишенимин жогорулатуу максатында ички иштер органдарын реформалоо алкагында кол коюлган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ички иштер органдарындагы кызматтык жылдыруу жана тандоо процесстеринин ачыктыгын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы кичи, орто, жана жогорку жетекчилик курам кызмат орундарын ээлөөгө карата сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилген.

Сынактын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын жарандарынын жөндөмдүүлүгүнө жана кесиптик даярдыгына жараша ички иштер органдарындагы кызматка карата бирдей деңгээлдеги жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

“Ички иштер органдарынын жетекчилигин сынактык тандап алуу биздин өлкөдө алгач ирет киргизилүүдө. Бул маанилүү реформа орган кызматкерлеринин кесипкөйлүк сапатын сапаттуу жогорулатуу менен катар алардын ишинин натыйжалуулугуна алып келип, калктын ишенимин кайтарып алууга салым кошот. Аталган кадам жарандык коом мүчөлөрүнүн көп сандаган суроо-талабына жана замандын талабына жооп берет», — деп комментарий берди аталган чечимге Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү