Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Иш-чара алкагында Өкмөттүн 2014-жылкы иши тууралуу отчет сунушталды.
Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү дүйнөлүк экономиканын жагымсыз төмөндөө шартында жүрдү, анын натыйжасында жыл бою өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнүн басаңдоо тенденциясы байкалды.
Өкмөт тарабынан экономиканы колдоо боюнча ыкчам түрдө кабыл алынган компенсациялык чаралар экономиканын орчундуу төмөндөшүнө жол бербестен, аны жыл соңунда 103,6 % деңгээлинде кармап калууга мүмкүндүк берди. 2014-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча инфляция 10,5 % деңгээлинде орун алды. Бюджеттин жалпы кирешеси 17,3% жогорулап, ИДПга карата үлүшү 30% жакынды түздү. Мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттары өлкө жарандарынын социалдык кепилдиги тууралуу конституциялык жоболордун мамлекет тарабынан аткарылышына топтолгон. Бекитилген параметрлерге ылайык, 2014-жылга карата мамлекеттик социалдык кепилдикти толук жана өз маалында каржылоо камсыздалган», – деди ал.
Премьер-министр эскерткендей, 2014-жылдын негизги окуясы катары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу жөнүндө келишимге кол коюлушу эсептелет. «Күтүлүп жаткандай, Кыргызстан ЕАЭБ толук кандуу мүчөсү болуп, бардык тийиштүү процедуралар жыйынтыкталган соң, 2015-жылдын май айында эсептелет. Кыргыз Республикасынын Бирликке кошулуусу боюнча Жол картасында каралган иш-чараларды ишке ашырууга Россия Федерациясы тараптан - 200 млн доллар, Казакстандан – 100 млн доллар бөлүнөт. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду түзүлгөн, анын алкагында 2014-жылдын 31-декабрында алгачкы 100 млн доллары КР Улуттук банкында ачылган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине келип түшкөн», – деди Өкмөт башчы.
Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасын ишке ашыруу алкагында 112 ченемдик-укуктук актыларга, 38 мыйзамга жана 74 башка ЧУАга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдердеги ордун жакшыртуу боюнча олуттуу иш аткарылган. Реформалар процессин координациялоону жакшыртуу, ошондой эле кыска, орто жана узак мөөнөттүү багыттарды аныктоо үчүн КР Өкмөтү мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасын иштеп чыгып, бекитти. Аны ишке ашыруу алкагында бир катар дүйнөлүк банктар жана эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алынып жаткан мамлекеттик финансыны башкаруу тутумун реформалоо иши улантылууда. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын 2014-2017 -жылдарга карата мамлекеттик аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарында электрондук башкарууну киргизүү боюнча Өкмөттүн программасы” жана Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген”, – деди Премьер-министр.
Мындан тышкары, Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, анын ичинде ”Калктын ишеним көрсөткүчүн” өлчөө жолу аркылуу жарандардын ар-бир министрлик жана ведомстволорго ишеним деңгээлин аныктоо жаатындагы ишинин натыйжалуулугун баалоо ыкмасы өркүндөтүлгөн.
Ошондой эле Жоомарт Оторбаев республиканын укук коргоо органдарында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Бул жаттагы реформаларга мисал катары милиция кызматкерлерине КР Мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, бизнес өкүлдөрүнүн ишкердүүлүк субьектилеринин ишин текшерүүгө алууга, уруксаат берүүчү жана финансылык документтерди талап кылуусуна тыюу салынышын келтирди.
“Социалдык тармак мурдагыдай эле Кыргызстан экономикасынын өнүгүүсүндөгү белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, өлкөдөгү алдыңкы маселе бойдон калууда. Ага карабастан, мамбюджеттен социалдык муктаждыктарга кеткен чыгымдын үлүшү жогору – 50% ашуун бойдон калууда. 2014-жылдын 1-ноябрына карата пенсиялардын орточо көлөмү 4600 сомду түзгөн. 2014-жылы 1-топтогу майыптыгы боюнча пенсиялардын көлөмү пенсионердин жашоо минимумуна туура келген деңгээлге жеткирилген, бул калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоого мүмкүндүк берген», – деди Премьер-министр.
Ал кошумчалагандай, 2014-жылы Өкмөт аркылуу КР калкынын ден-соолугун коргоо жана чыңдоо боюнча “Ден-соолук – 2020” стратегиясы кабыл алынган.
Премьер-министр билим берүү тутумундагы реформаларга тийиштүү билдиргендей, акыркы жылдары билим берүү реформаларын башкаруу процессин жакшыртуу процесси байкалууда.
Мындан тышкары, Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда алгач ирет өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев тараптан демилгеленген Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун өткөрүлүшү, ошондой эле КР Өкмөтү тарабынан каржыланып, кеңири масштабдуу атамекендик тарыхый “Курманжан-даткка” тасмасынын бетачары орун алгандыгын эскертти.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча кампанияга байланыштуу Өкмөт башчы белгилегендей, учурда Кыргызстандын 2,5млн жараны өз маалыматын тапшырган. «Улуттук кампанияга катышкан жарандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө», – деди ал.
“2014-жылдын ноябрь айында «Кыргызтелеком» DVB-T2 и DVB-S2 стандартындагы санариптик жана спутниктик телеберүүнү ишке киргизген. Бул - Кыргызстанда санариптик телеберүүнү ишке киргизүүнүн алгачкы баскычы», – деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министрдин пикиринде, Өкмөт иши өлчөнүп гана тим болбостон, катардагы жаранга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушу шарт. «Бул максатта 2014-жылы “Министр байланышта” маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы иштелип чыгып, бекитилген, анын алкагында, маморган жетекчилери коом алдында жасалып жаткан иштери, Өкмөттүн жакынкы демилгелери жана үстүбүздөгү жылга карата жекече пландары тууралуу маалымат берет. Бүгүнкү күнгө карата бардык министрликтер жана ведомстволор өз милдеттенмелери боюнча мындай акцияларды өткөргөн», – деди ал.
Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, 2014-жылы пландарды жана программаларды аткаруу процессинде Өкмөт Жогорку Кеңеш, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле бейөкмөт уюм тармактары менен активдүү кызматташкан. «Өкмөттүн 2014-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча бир катар багыттар боюнча маанилүү кемчиликтер аныкталып, алар Өкмөттүн өткөн жолку жыйынында айтылган, алар өз кезегинде 2014-жылга пландаштырылган максаттуу индикаторлордун аткарылбай калышына түрткү болгон. Жыйынтыктар чыгарылып, мамлекеттик орган жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна баа берилген. Мунун өзү тартиптик чараларды кабыл алууга, ошондой эле жетекчилерди кызмат ордунан бошотууга негиз болуп берди», – деди Премьер-министр.
Андан соң Өкмөт отчету боюнча экономика министри Темир Сариев баяндама жасады. Анын айтымында, отчетто өлкөнүн 2014-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы боюнча негизги параметрлери, экономиканын ар-кыл тармактарынын өнүгүү тенденциясынын мүнөзү чагылдырылган. Өкмөттүн 2014-жылкы коопсуздукту, коргонуу жана укук тартибин камсыздоо мүмкүндүгү, бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашыруу жана Конституция жана мыйзамдарды аткаруу боюнча ишти уюштуруу жаатындагы Өкмөттүн негизги иш жыйынтыгы, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен өз-ара аракеттешүүсү белгиленди.
Талкуу жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жыл үчүн иши тууралуу отчету эске алынды.
[su_carousel source="media: 52531,52533,52532" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү