20

Май

2020

Өзбекстан республикасынан II партия гум жардам келди.

img

2020-жылдын 20-майында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында жөнөтүлгөн Өзбекстан Республикасынын экинчи гуманитардык жардамын Кыргызстан Республикасына тапшыруу аземи болуп өттү. 

Өзбекстан Республикасынын атынан достук жардамды Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Ибрагим Жунусов тапшырды. 

Иш-чарада ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, саламаттыкты сактоо координатору, тийиштүү кызматтардын жетекчилери, ММК катышты. 

Гуманитардык жүктүн курамына медициналык керебеттер (440 даана), электрондук пирометрлер (1000 даана), медициналык коргоо костюмдары (2500 даана), медициналык мээлейлер (150 000 даана), ошондой эле медициналык бет каптар (150 000 даана) кирди. Жардамдын жалпы көлөмү 248 000 АКШ долл түздү.  Медициналык жабдыктар жана каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу республикадагы медициналык мекемелерге тапшырылат.

Тапшыруу аземинин жүрүшүндө кыргыз тараптан Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу менен күрөшүүдөгү кезектеги колдоосу үчүн  Өзбекстан элине чын дилинен ыраазычылык билдирип, кошуна мамлекет менен дайыма ар тараптуу алакалар күчөтүлө берерин билдирди.

Эскерте кетсек, Сырдарыя аймагында  суу каптоодон жабыркаган боордошторго Кыргыз Өкмөтүнүн атынан  1000т цемент, 100 т күрүч, 10 т өсүмдүк майы гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн.


Өкмөттүн Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы