15

Октябрь

2020

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн бир катар багыттар боюнча өз-ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним билдирди. 

Садыр Жапаров өз кезегинде жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.