18
Июнь
Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Премьер-министр Кубатбек Бороновду кызматка дайындалышы менен куттуктады
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кубатбек Бороновдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жиберди.
«Сиздин билимиңиз жана тажрыйбаңыз, өз жанын аябаган жана талбаган эмгегиңиз Кыргызстан элинин бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча милдеттерди аткарууга багытталган. Биз Сизди жогорку деңгээлдеги кесипкөй, абройлуу жетекчи жана Өзбекстандын жакын досу катары жакшы билебиз. Жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышыңыз менен өзбек-кыргыз мамилелеринин бийик даражасы мындан ары да ырааттуу өнүгүп, биздин кызматташуубуздун келечектүү бекемделишин камсыздайт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.
Премьер-министр Абдулла Арипов Өкмөт башчы Кубатбек Бороновго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү каалады.