25
Март
2020
Өзгөчө абал режими мезгилинде күнү-түнү иштөөчү Call-борбор уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан консультациялык жардамдын «биринчи линиясына» аракеттешүү процесстерин уюштуруу жана коштоо максатында күнү-түнү иштей турган Call-борбор уюштурулду.
Түз байланыш телефондору мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өзгөчө абал режими киргизилген административдик-аймактык бөлүктүн комендатурасы менен өз ара иштешүү маселелерин чечүүгө аракеттешет.
Call-борбордун телефон номерлери: (999) 444-777 жана (999) 444-666.