11

Декабрь

2019

Өзгөн районунда жаңы форматта иштөөчү калкты тейлөө борбору ачылды

Өзгөн районунда паспорт, ЖААК жана транспорт багыттары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонууга мүмкүн боло турган универсалдуу калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды.

Ош областынын Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Прогресс айылынын аймагында өлкөдөгү бардык башка Калкты тейлөө борборлорунан айырмаланып туруучу уникалдуу КТБ-2 ачылышы өттү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын иш жүргүзүүсүнүн бүткүл мезгили ичинде алгачкы жолу аталган КТБда паспорт жана ЖААК кызматтары менен катар транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча кызматтар көрсөтүлмөкчү.

Жарандар «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик кызматтардын кеңири спектринен колдоно алышат: паспортту тариздетүү, ИЖН алуу, «балага сүйүнчү» жөлөк пулун алууга карата документтерди тапшыруу, ЖААК багыты боюнча биринчилик кызматтардан колдонуу, транспорт каражатын каттоо/кайра каттоо жана айдоочулук күбөлүккө карата     документтерди тариздетүү.

Жаңы КТБнын жалпы аянты 410 чарчы м. түзүп турат, маалымдама, күтүү залы, касса, фото жана ксерокөчүрмөлөө кызматтары караштырылып, ДМЧАлар үчүн шарттар түзүлгөн. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпастан эле бардык зарыл болгон документтерин топтой алышат.

Аталган КТБ видеокамералар, электрондук кезек менен жабдылышкан, калкты документтештирүү боюнча бардык кызматтар автоматташтырылган.

Мурдараак 2017-жылы Өзгөн ш. КТБ-1 күн сайын 500 адамга чейинки алынган эсептен улам ачылган эле, мында ушул тапта күн сайын кызматтардан колдонуу үчүн 800дөн ашуун арыз берүүчүлөр кайрылып турушат. Адамдардын ири агымы узун кезектерди жаратып, адамдардын нааразычылыгын туудурууда.

Өзгөн районунун жашоочуларына шарттарды түзүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган «2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкактарында, жаңы форматтагы экинчи КТБны ачуу тууралуу чечим кабыл алынган, ал жарандарга мамкызматтардан сапаттуу, тез жана өз маалында колдонууга мүмкүн бермекчи.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы


Электрондук регион

Календарь