17

Январь

2020

Өзгөндө 150 орундуу бала бакча курулуп бүтүп, колдонууга берилди

Бүгүн Ош облусунун Өзгөн районундагы Прогресс айылында жаңы жеке менчик бала бакча ачылды. Ачылыш аземине Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышты.

"Мындай ишкерликти, элетке, өзгөчө билим берүүгө инвестиция салган ишкерлерди ар тараптуу колдоо биздин негизги максат. Анткени булар жаңы жумуш орундарын түзүп, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууда", – деди Узарбек Жылкыбаев ачылыш салтанатында чыгып сүйлөгөн сөзүндө. 

Өзгөн районунда жалпысы 68 бала бакча бар. Ал балдардын 35% гана камтый алат. 

Бала бакчанын имараты типтүү, 2019-жылы курулган биринчи корпус эки кабаттан турат жана 150 балага ынгайланышкан, 15 бөлмөлүү үч группага 75 бала кабыл алынып, окуу процесси кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлүүдө. ошондой эле даярдоочу, кенже тайпаларга дагы 80 баланы алуу пландалууда.

Имарат жеке ишкер Базаргүл Анарбаева тарабынан курулуп, айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген. Сметалык баасы – 13 млн сом.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь