15

Май

2018

Пакистандын Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

 Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Пакистан жана Кыргызстанды бекем маданий жана тарыхый байланыштар бириктирип турат. Биздин достугубуз жалпы кызыкчылыктарга жана өз-ара түшүнүшүүгө негизделген. Биз көптөгөн жылдар аралыгында өз-ара байланыштарыбызды мамлекеттерибиздин бакубаттуулугу үчүн чыңдап келе жатабыз.

Мен Пакистан жана Кыргызстан кызматташтыгын достук мамиледе мындан ары карай улантаарына ишеним билдирем. Өз-ара алакаларыбызды мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүүдө Сиз менен кызматташуу мүмкүндүгүн чыдамсыздык менен күтөм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге – чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргыз Республикасынын элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат билдирүүдө.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү