21

Май

2020

Памирлик боордоштор үйлүү болушат

img

Бүгүн 21-майда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында Памирлик кыргыздарга деген үйлөрдүн курулушун баштоо иш чарасына катышты. Ага республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүндү,  1.2 ГА аянтка 7 үй курулат. Ар бир үй 4 бөлмөдөн туруп узуну 11, туурасы 9.60 метрден.   Аталган үйлөргө Нарын облусундагы Памирлик кыргыздар көчүрүлүп келинет.

Андан соң облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев Памирлик кыргыздардан кабар алып, азык-түлүктөрдүн баштыктарын таратты.

Боордоштор мамлекет башчысы менен өкмөткө ыраазычылык билдиришти

Эскерте кетсек, 2019- жылы Ооган аймагынан 11 үй бүлө көчүрүлүп келинген. Учурда алар Сары- Могол  айыл аймагында мектептин имаратына жайгаштырылган. Тийиштүү тирилик техникасы, шарттар менен камсыз болгон. Өкмөт тарабынан дагы Памирден боордошторду көчүрүп келүү жана турак-жай менен камсыздоо планы коюлган.                 

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы