30
Ноябрь
Парламент 2019-жылга бюджеттин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун долбоорун жактырды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жалпы жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун карады. Суроо-жооп форматында өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, өлкөнүн административдик ведомстволорунун жетекчилери катышты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен конструктивдүү иштөөгө ишеним көрсөттү. Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, 2019-жылга бюджеттин долбоорунда бир катар маанилүү жаңы киргизүүлөр камтылган. Ошону менен бирге ал депутаттар тарабынан айтылган бардык сунуштар жана эскертүүлөр Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алынарын ырастады.
[su_carousel source="media: 126415,126410,126400" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү