12

Ноябрь

2018

Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2019-жылга бюджеттин долбоорун жактырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.   Аталган мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады.   Комитеттин кеңейтилген жыйыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда суроо-жооп иретинде өттү.   Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү жана 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун жактыруу чечими кабыл алынып, эки мыйзам тең Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 [su_carousel source="media: 125602,125603,125604,125605,125606,125607,125608,125609,125610" link="attachment" title="no"][/su_carousel]