16

Январь

2015

Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев «Министр байланышта» акциясына катышууда

Бүгүн, 16-январда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев «Вице-премьер-министр байланышта» акциясына катышууда. Учурда Т.Сарпашев «Биринчи радионун» түз обосунда «2014-жыл жыйынтыгы жана 2015-жылга карата пландар» темасында сөз сүйлөп, радиоугармандардын суроолоруна жооп берүүдө. Ушул эле теманын тегерегинде бүгүн саат 11.00 Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Тайырбек Сарпашевдин басма сөз жыйыны өтөт. Андан соң Биринчи вице-премьер-министр «Супер-инфо» жана «Де-факто» гезиттеринин журналисттерине интервью берет. Ошондой эле «Вице-премьер-министр байланышта» акциясынын алкагында шейшемби күнү, 20-январда саат 20.00 Т.Сарпашев КТРК «Ой-Ордо» ток-шоусуна катышмакчы. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү