19
Ноябрь
2014
Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев Жалал-Абад жана Ош облустарындагы биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшүн көзөмөлдөйт
Үстүбүздөгү жылдын 20-22-ноябрына дейре Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад жана Ош облустарына иштиктүү сапар жасайт.
Иштиктүү сапардын жүрүшүндө Т.Сарпашев биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессин жеринде көзөмөлдөөнү пландаштырууда.
Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр Токтогул районундагы «Боз-Тектир» жана «Тегерек» ирригациялык каналдарынын курулуш иштерин текшерип, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундары менен жолугушат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү