03
Октябрь
2014
Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин келечектүү инвестициялык долбоорлорду аныктай албагандыгын сынга алды
Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын соңунда Бишкек шаарында өтүүчү Араб координациялык тобунун II тегерек стөлүн өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.
Форумдун ишинин жүрүшүндө энергетика, саламаттык сактоо, айыл чарба, транспорт, туризм, курулуш жана билим берүү жаатындагы бир катар инвестициялык долбоорлор каралат.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, бардык мамлекеттик органдар Өкмөткө келечектүү инвестициялык долбоорлорду сунушташы тийиш эле.
“Бирок киргизилген сунуштардын арасында дээрлик маанилүү жана келечектүү инвестициялык долбоорлор жок. Азырынча 15 жакын долбоор түшкөн, анын жарымы экинчи даражадагы мүнөзгө ээ. Бул багытта Айыл чарба жана мелиорация министрлиги начар иш алып барып, бүгүнкү күнгө дейре ирригация, ири жашылча-жемиш сактоочу жайларды куруу, күнөсканаларды өнүктүрүү, мал чарбачылыгы боюнча олуттуу инвестициялык долбоорлорду сунуштаган эмес. Эгерде аталган маселелер сиздер үчүн келечектүү болбосо, анда сиздердин пикирде кайсы нерселер маанилүү эсептелет?», – деди биринчи вице-премьер-министр.
Т.Сарпашев белгилегендей, биринчи кезекте Араб координациялык тобунун кароосуна өлкө үчүн эң маанилүү инвестициялык долбоорлор сунушталышы керек.
“Биз Араб өлкөлөрүнөн өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн ири инвестицияларды тартууну пландаштыруудабыз. Эгерде сиздер өз милдетиңиздерге ушундай мамиле кыла турган болсоңуздар, анда биз бир дагы инвестордун кызыгуусун туудура албайбыз», — деди Т.Сарпашев.
Биринчи вице-премьер-министр Айыл чарба министрлигине үч күн аралыгында Өкмөт кароосуна агрардык тармактагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду киргизүү тапшырмасын берди.
“Эгерде анда дагы долбоорлор Өкмөттүн кызыкчылыгына жооп бербесе, анда министрликтин жетекчилигине карата конкреттүү жазалоо чарасы кабыл алынат», — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.[gallery ids="43187,43188"]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү