23

Сентябрь

2014

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: «Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча облустук жана райондук жетекчилер ишине жеке баа берилет»

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өзүнүн Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапарын улантууда.

Сапардын негизги максаты болуп облустун келерки жылытуу мезгилине карата болгон даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Иш сапарынын алгачкы күнү Биринчи вице-премьер-министр Балыкчы шаарындагы жана Тоң, Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы отун базаларынын көмүр менен камсыздалыш деңгээлин текшерди.

Т.Сарпашев жергиликтүү бийликтин кышка карата даярдык көрүүдөгү начар ишин белгилеп, облус жетекчилигине 15-октябрга дейре бардык отун базаларын жана социалдык обьектилерди тийиштүү отун менен камсыз кылууну тапшырды.

“Облус калкынын көмүргө карата муктаждыгы 98 миң тоннадан ашуун көмүрдү түзөт. Бүгүнкү күндө отун базаларында болгону 50% көмүр камдалган. Билим берүү обьектилеринин жалпы муктаждыгы 5 миң 300 тоннаны түзөт. Азырынча мектептердин 50% көмүр менен камсыздалган. Ал эми электрден көмүр менен жылытууга өткөрүү иштери дээрлик аткарылган эмес. Мен Тоң районундагы Мамбетов атындагы айыл башкармалыгындагы орто мектептин эски бөлүгү көмүр менен, ал эми жаңысы электр менен жылытыларын көрдүм, ал эми эки имараттын ортосу болгону 10 м түзөт. Бир нече жылдардан бери карай аким дагы, айыл өкмөтү дагы экинчи имаратты көмүргө өткөрүү боюнча 10-метрлик түтүк өткөрүүгө жараган эмес. Ал эми башка иш багыттары боюнча сөз да кылууга мүмкүн эмес»,- деген Т.Сарпашев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарууга көңүлкош мамиле кылаарын кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр облус жетекчилигин жана район акимдерине эскертүү берип, октябрь айында 9 ай жыйынтыгы боюнча Өкмөт жыйыны өтөөрүн, анда ар-бир ыйгарым укуктуу өкүлдөргө жана район акимдеринин ишине жеке баа берилээрин билдирди. «Өзгөчө көңүл аймактардын кышка камылгасы, электр энергиясын пайдалануу чегин сактоо жана жылытуу тутумун көмүргө өткөрүү маселесине бурулат», — деди Т.Сарпашев.

Ошондой эле ал «Кыргызтуракжайбирлигинин» ишин сынга алып, алар мазутту жогорулатылган баада алгандыгын айтты. «Учурда «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводдо мазут бар. Алардын мазут менен жеткиликтүү баада камсыздоого мүмкүндүгү бар. Ага катар Кара-Балтадан Балыкчы шаарына дейре ташуу маселеси көйгөй жаратпайт», — деди Т.Сарпашев.

Бүгүнкү күнү Биринчи вице-премьер-министр Ак-Суу жана Ысык-Көл райондорунун кышка карата даярдыгын көзөмөлдөп жана Жыргалаң шахтысына барат.

Маалымдама:

Облустун отун базаларында негизинен Кара-Кече жана Миң-Куштан келген көмүрлөр сатылат. Ошондой эле сатыкта шабыркүл көмүрү бар. Көмүрдүн орточо баасы катары 2800 сомдон 5800 сомго дейре эсептелет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү