07

Февраль

2015

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Т.Айдаралиевге натыйжасыз иш алып барган жетекчилерди кызматтан бошотууну тапшырды

Бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 2014-жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү. Т.Сарпашев жыйында белгилегендей, өткөн жылы мал чарбачылыктан тышкаркы башка айыл чарба тармактарында өсүү орун алган эмес. “Министрликтин негизги милдети – айыл чарба тармагындагы сапаттуу саясатты аныктоо болуп саналат. Өткөн жылы министрлик негизги милдетин жакшы аткара алган жок. 100 ашуун ченемдик-укуктук актылар азыркыга дейре күчүнө кире элек. Айрымдары боюнча иштеп чыгуулар баштала да элек. Жарым жыл мурда тамчылатып сугаруу жана күнөскана чарбасын өнүктүрүү боюнча дирекция түзүү тууралуу тапшырма берилген. Азырынча бул багытта эч кандай аракет жок. Өткөн жылы Суу чарба департаменти суу ресурстарын жөнгө саалуу маселеси менен дээрлик алектенген эмес. Жаздын башталышы менен Чүй облусунда сугат суу туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүнө байланыштуу дыйкандар кыйынчылыкка дуушар болгон, анткени өз кезегинде суу жетиштүү топтолгон эмес», — деди Т.Сарпашев. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге алдыга коюлган милдеттенмелерди аткара албаган жетекчилерди иштен бошотуу тапшырмасын берди. “Сиз дээрлик бир жыл министр кызматын аркалоодосуз. Ал эми иште жылыштар жок. Дыйкандардын көйгөйүн чечүүгө олуттуу киришүү керек, анткени, сиз ведомство башчысы катары министрлик жана карамагыңыздагылар үчүн жеке жоопкерчиликти алып жүрөсүз”, — деди Т.Айдаралиевге кайрылып Т.Сарпашев,. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү