08

Декабрь

2014

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев КЭР Цинхай провинциясынын Синин шаарынын мэрин кабыл алды

Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кытай Элдик Республикасынын Цинхай провинциясынын Синин шаарынын мэри Ван Юбу жетекчилик кылган делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш, айыл чарба, туризм, текстилдик жана химиялык өнөр-жай тармагындагы инвестициялык долбоорлорду талкуулады.

Тайырбек Сарпашев делегация мүчөлөрүнө Ош шаарындагы турак-жайлардын курулушуна, аймактардагы кайра иштетүү ишканаларына, ошондой эле текстилдик тармакка инвестициялоо мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады.

“Өкмөт сиздердин инвестициялык башталышты колдоого алып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр. Биз Кытай жетекчилигинин “Жибек Жолунун экономикалык тилкесин” түзүү боюнча демилгесин колдоого алып, аны түзүүгө жигердүү катышууга даярбыз. Ошондой эле Синин шаары байыртадан Жибек Жолундагы маанилүү ролду ойногон шаар катары аны менен республика аймактарынын соода-экономикалык байланышын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу маанилүү», — деди Т.Сарпашев.

Өз кезегинде Ван Юбу маалымдагандай, Кыргызстан экономикасына инвестициялоону каалаган кытайлык бизнесмендердин саны жетишээрлик эсептелет.

«Учурда иликтөөдө туризм жана айыл чарба жаатындагы бир катар долбоорлор турат. Биз Кыргызстанга экономиканын кайсы тармагына инвестициялоого боло тургандыгы боюнча иш жүзүндө таанышуу үчүн келдик. Биз Ош шаарына барып, анда конкреттүү долбоорлор боюнча кызматташуу Протоколуна кол коюу пландаштырылууда», — деди мэр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү