03
Февраль
2015
Первый вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: «Быйылкы жылы айыл чарбасынын экспорттук мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө 100 млн доллардан ашуун каражат багыттоо пландаштырылууда»
Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2014-жыл жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата пландары боюнча коллегиясы болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков өз баяндамасында белгилегендей, 2014-жылы өндүрүлгөн өнөр-жай продукциясынын көлөмү 3 млрд 496 млн сомго жетип, ал эми өсүү 104,6% түзгөн.
“Айыл чарбасында 34 млрд 518 млн сомдук товар өндүрүлүп, бул тармактагы өсүш 101,6% түзгөн. Көмүр өндүрүү жогорулаган. 2014-жылы облус боюнча 701 миң тонна көмүр өндүрүлүп, ал бекитилген пландан 99 миң тоннага жогору болгон», — деди С.Жээнбеков.
Анын айтымында, өткөн жылы 1 млрд 555 млн сом салык жыйналган, ал эми план 1 млрд 487 млн сомго барабар болгон.
2015-жылга карата пландар тууралуу билдирүүдө С.Жээнбеков белгилегендей, Үчүнчү Эл аралык инвестициялык форум пландаштырылып жаткандыгын айтты.
“Бул жаатта биз кытай кесиптештерибиз менен активдүү иш алып баруудабыз. Март айында Кытайдан бизнес өкүлдөрүнүн чоң делегациясы келээрин күтүүдөбүз, аларга бир катар инвестдолбоорлор сунушталат. Мындан тышкары, облустун ирригациялык тутумун жакшыртуу боюнча иштер, ошондой эле облустун социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт», — деди ал.
Өз сөзүндө Биринчи вице-премьер-министр 2015-жылга карата экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу кенен айтып берди. Кеп Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу, жарандардын биометрикалык базасын түзүү, жер салыгын жогорулатуу, айыл чарбасын өнүктүрүү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүндүгүн өнүктүрүү тууралуу жүрүүдө.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, Бажы биримдигине кошулуу алкагында облустун ар-бир району “иш жүзүндө пайдаланууга мүмкүн болгон чыныгы экономикалык өнүгүү картасын” иштеп чыгуусу тийиш.
“Ар-бир район өзү өнүгүү үчүн сапаттуу башталгыч шарттарды түзүүсү керек, ошондуктан жергиликтүү бийлик келечектүү инвестициялык долбоорлорду аныктоо үчүн калк жана ишкерлер менен бирдикте активдүү иш алып баруусу керек. Мисалга, быйылкы жылы айыл чарбасынын экспорттук мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө 100 млн доллардан ашуун каражат багыттоо пландаштырылууда. Бажы биримдигине кошулуунун натыйжасында биздин өлкөнүн экономикасынын түзүмү өзгөрүлөт. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик айылдык, райондук жана облустук масштабдагы инвестдолбоорлор үстүндө иш алып баруу үчүн активдүү ишмердүүлүгүн көрсөтүүсү тийиш», — деди биринчи вице-премьер-министр.
Биринчи вице-премьер-министр Ош облусунун жетекчилигине жарандардын сапаттуу тизмесин түзүү үстүндө иш баштоону тапшырды.
«Ош облусу башка аймактарга салыштырмалуу биометрикалык маалыматтарды чогултуу кампаниясын активдүү жүргүздү. Эми чогулган маалыматтардын негизинде жарандардын катталган жери боюнча тизмеси түзүлүшү керек. Жарандардын тизмесин айыл башкармалыктары түзөт. Бул абдан чоң жана жоопкерчиликтүү жумуш. Сапаттуу тизмелерди түзүү боюнча жоопкерчилик айыл башкармалыгынын жетекчисинде жана акимдерде жатат”, — деди ал.
Тайырбек Сарпашев жергиликтүү бийликти жер салыгын жогорулатууга чакырды. «Акыркы жыйырма жылда жерге карата салык жогорулатылган эмес. Салык саясатындагы эски жана өзгөртүлбөгөн тутуму боюнча иш алып барылуусу аймактардын республикалык бюджеттен көбүрөөк көзкаранды болуусуна алып келди. 2014-жылдын 31-декабрында №182 «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Бул өзгөртүүлөргө жараша жергиликтүү кеңештер жерге карата салыкты үч эсеге дейре көтөрө алышат. Мисалга, Араван районундагы 1 га сугат жерге салык өлчөмү 436 сомду түзсө, мындай салык Кара-Кулжада – 232 сомдон, Кара-Сууда – 453 сомдон, Ноокат жана Өзгөн райондорунда 413 сомдон алынат. Бүгүнкү күндө Ош облусунда 1 га сугат жерин ижарага алуу 5-30 миң сомго дейре жетет. Жерге карата салыктан түшкөн каражаттар жергиликтүү бийликтин бюджетинде калат. Бул каражаттар айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртууга багытталышы керек», — деди биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү