15

Октябрь

2017

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: Саат 10.00 карата шайлоочулардын катышуусу 6,2%

Саат 10.00 карата  республика боюнча шайлоочулардын катышуусу 6,2% же 187 651 шайлоочу өз добуштарын беришти. Бул тууралуу Кыргыз Республкиасынын Биринчи вице-премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдоо аны өткөрүү жана уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө  республикалык аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдын  башчысы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 15-октябрда, маалымат жыйынында билдирди.

«Бишкек шаары боюнча 23939 жаран добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 7,3% түзөт. Чүй облусу боюнча 12310 жаран добуш берсе, бул жайлпы шайлоочулардын 2,5% болуп эсептелет. Ысык-Көл облусу боюнча 16368 жаран  (6,3%), Нарын облусунда  10027 жаран  же  калктын 6,2% ,  Талас аймагында 9591 жаран 7,4%, Ош облусу боюнча 40146 жаран 6,8%, Ош шаарында 17192 адам 10,8%, Жалал-Абад областындагы калктын 32975 шайлоого келип, бул жалпы жарандардын  6% болду. Ал эми Баткен облусунда 17109 адам добуш берип,  шайлоочулардын активдүүлүгү  7% жетти. Жалпы республика боюнча 187 651 шайлоочу жарандык милдеттерин аткарганга жетишти», — деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, Кыргыз Республикасынын консулдук тизмесинде турган жарандары, биометрикалык каттоодон өткөн жана акыркы тизмеге кирген жарандарынын бардыгы шайлоого катышууга укуктуу.

«Бишкек убактысы боюнча сатт 10.00  Россиянын  (Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында), Японияда, Кореяда, Китайдын (Пекин, Гуанчжоу шаарларында ), Малайзия, Индия, Пакистан, Казахстандын (Астана, Алма-Ата), Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана  Тажикстанда шайлоо тилкелери ачылды. Чет мамлекеттерде учурда 329 жаран добуш берди, бул жалпы сырттагы катталган жарандардын 1,8% түзөт», — деди ал.

[su_carousel source="media: 106261,106262,106263,106264,106265" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү