14

Март

2012

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов 2012-2016 жылдарга түзүлгөн кызматташуу программасын талкуулашты. Жолугушуу учурунда эки тарап Кыргызстан менен БУУ алакаларында приоритеттүү багыттар боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле Өкмөттүн “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасын реализациялоого эксперттик жана техникалык жардам берүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары, 2015-жылга карата БУУнун Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары  декларациясында жазылган жакырчылыкты жана балдардын өлүмүн кыскартуу, энелерди коргоо, ВИЧ/СПИД алдын алуу сыяктуу индикаторлорду өз максаттарына жеткирүү маселелери козголду.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү