25
Сентябрь
2012
Бүгүн, 25 сентябрда, Биринчи Вице-Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасында экспортту өнүктүрүү Стратегиясын иштеп чыгууга арналган симпозиумга катышты.
Симпозиумду ачып жатып, Жоомарт Оторбаев азыркы кезде иштелип жаткан Кыргыз Республикасында экспортту өнүктүрүү Стратегиясына негиз боло ала турган критерийлерди жана механизмдерди аныктоодо форумду өткөрүүнүн мааниси зор экендигин белгиледи. “Биздин республика үчүн симпозиумдун темасы актуалдуу, муну анын ишине катышып жаткандардын олуттуу тизмеси айгинелеп турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы соода чөйрөсүн реформалоого артыкчылыктуу маани берип, бул багытта негизги кадамдар да жасалды. Бул тармакты реформалоодо бизге бир нерсени жаңыдан бир нерсе ойлоп табуунун кажети жок. Өнүккөн өлкөлөрдүн эң жакшы тажырыйбаларын өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүздү эске алуу менен кабыл алуубуз зарыл”, – деп белгиледи ал.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри өз сөзүндө географиялык жактан оңтойлуу жайгашкан өлкөлөргө караганда, биздин жөнөтүлүп жаткан продукцияларыбыздын өздүк наркы жогору экендигин белгиледи.“Жыйырма жыл ичинде биздин мамлекет бүткүл Орто-Азия аймагынын соода борборуна айланды. Биз ишкерлерибиздин тышкы соода жүргүзүү боюнча топтолгон тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүшүбүз абзел. Экспортту өстүрүү үчүн өзгөчө инфраструктураны өнүктүрүү жана логистикалык чыгымдардын наркын азайтуунун мааниси чоң. Бул багытта негизги кадамдар жасала баштады. Мисалы, жаңы автомобиль жолдору курулууда, авиа жана темир жол аркылуу жүк ташуулардын механизмдери жакшыртылууда. Мына ушул иш чаралардын комплекси жакында экспорттолуучу продукциялардын өзүнө турган наркына оң таасир этет деп эсептейм”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Сөзүнүн акырында Жоомарт Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да республиканын эскпорттук потенциалын жигердештирүү жана анын жогорку темпте өнүгүшү үчүн чараларды көрө тургандыгын белгиледи. “Симпозиумдун жүрүшүндө айтылган бардык сунуштар экспортту өнүктүрүү Стратегиясын иштеп чыгууда пайдаланылат. Муну менен катар Өкмөт мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана лицензиялардын санын кыскартууну улантат. Бул иш-чаралардын баары Кыргызстанда ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган” – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.
Маалымат үчүн:
2011- жылы Кыргызстандын тышкы соода айлантуусу 6,5 миллиард АКШ долларын түзгөн, анын ичинен экспорт – 2,2, импорт – 4,2 миллиард АКШ доллары.
Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү жакынкы мамлекеттер боюнча – Орусия, Казахстан. Ал эми алыскы мамлекеттерден Кытай, Швейцария болуп эсептелет. Баары болуп 76 мамлекетке экспорт жөнөтүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү