11

Октябрь

2012

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 11-14-октябрда өтө турган Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын (ДБ)  жыл сайын өтүүчү Башкаруучулар кеңешинин жыйынына  катышуу үчүн Токио шаарына жөнөп кетти. Визиттин жүрүшүндө Япония Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жана Эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

КР Өкмөт Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү