05

Ноябрь

2012

Бүгүн, 5-ноябрда, КР Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Швейцариянын катондорунун Кеңешинин Президенти (Швейцариянын парламентинин Жогорку Палатасы) Ханс Альтерр баштаган делегациясы менен жолугушту.

Джоомарт Оторбаев меймандарга инвестициялык жагымдуу шарт түзүү, демократиялык өлкөнү куруу , базар экономикасын өнүктүрүү жана жерегиликтүү өз алдынча бакшаруу органдарын реформалоо жана КРнын бийлиги жүргүзүп жаткан саясаты туурасында маалымат берди. «Ушул тармактар боюнча тажрыйба алмашсак, бизге пайдалуу болмок, анткени Швейцария, Кыргызстанга географиялык жактан окшош», — деп айтты.

Биринчи вице-премьер-министр Өкмөт өнүгүү үчүн өнөктөштөр менен тыгыз иштешүүгө өтө маани берет деп билдирди. «Негизинен өз ара кызматташуу боюнча Совет түзүлгөн, ал кварталына бир жолу чогулуп жыйын өткөрөт. Азыр өнөктөштөр менен алгылыктуу тармактар боюнча кызматташуу так аныкталган” – деп айтты. Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгы боюнча тармактык багыттар такталган. Ал негизинен саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкару, инфраструктура жана жеке сектор.

Ханс Альтерр Кыргызстан менен Швейцария өз ара кызматташтыктын өнүгүү чегинде экендигине токтолду, «Швейцария Кыргызстан демократиялык мамлекетти курууда туура жолдо баратат деп эсептейт. Мага Кыргызстандагы Швейцариянын элчилигин ачуу озуйпасы тийгендигине бүгүн толкунданып турам. Ушундай саамалык менен биз Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп, экономикалык кызматташтыкты чыңдайбыз», — деди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү