11

Сентябрь

2012

Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын тоо кен тармагын өнүктүрүү жөнүндө Стратегияны иштеп чыгуу боюнча талкууга катышты. Ж.Оторбаев жаңы Өкмөт тоо кен тармагынын стабилдүү өнүгүүсүнүн  жактоочусу катары каларын билдирди. “Бул багытта буга чейин жасалып келген жумуштар улантылат жана ачыктык, тактык сакталат. Тоо кен тармагына тийиштүү мыйзам долбоорлорунун биринчи пакети Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Ал эми нормативдик актылардын экинчи пакети ушул жылдын 4-ү кварталында парламентке жөнөтүлөт. Бул документтердин кабыл алынышы тоо кен тармагында атмосферанын жакшыруусун күтөбүз жана инвесторлорду тартабыз”, - деди ал. Ж.Оторбаевдин айтымында ушул жылдын январь-июль айында бюджетке тоо кен тармагынан түшкөн салыктын суммасы 416 млн. сом гана болгон. “Бул абдан аз. Ошондуктан тийиштүү нормативдик актыларды кабыл алуубуз абзел. Тоо кен тармагы келечекте өлкөбүздүн экономикасынын локомотиви болот”, - деп айтты Биринчи вице-премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү