18
Сентябрь
Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев расмий эмес экономиканы легалдаштыруу боюнча отурум өткөрдү.
Отурумду өткөрүп жатып, Жоомарт Оторбаев кыргыз экономикасынын абалы жөнүндөгү Бүкүл Дүйнөлүк Банкы берген бир катар сандарга кайрылды. «Алардын маалыматы боюнча “Дордой” базарында эмгек акысы, унаа кызматы, тамак-аш катары 1 миллиард АКШ доллары көмүскөдө калып жатат, ошол эле учурда биздеги бардык базарларда жумшалып жаткан акча каражаттын көрсөткүчтөрү 8-10 миллиард АКШ долларына жетти. Аны менен бирге биздин республикадан Россия жана Казакстанга экспорттолгон текстильдик кийимдердин көлөмү 2005-жылдагы 306 миллиондон үстүбүздөгү жылдагы 1,65 миллиард АКШ долларына чейин өскөн. Бул Бүткүл Дүйнөлүк Банк берген маалымат биздин ата-мекендик статистикабыздын көрсөткүчтөрүнөн бир топ айырмаланат. Бул биз салыктарды администрациялаштырганды керектүү деңгээлде үйрөнө электигибизди билдирет», – деди ал.
Расмий эмес экономиканы легалдаштыруу боюнча маселени талкулоо учурунда Жоомарт Оторбаев өткөн жылы салык кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн экспертмент жакшы жыйынтыктарды бергендигин белгиледи. «Адисттердин баасы боюнча туризмдин ИДПда болгон энчи 5 % түзөт, ошол эле учурда бул тармактан бюджетке болгону 0,2% түшөт. Бул абалды түзөтүү үчүн биз Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пансинаттардын жана эс алуу борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөрдүк. Алар менен салык контракты түзүлдү, ага ылайык алар салык төлөмдөрүн былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйтөт, ал эми биз тараптан бардык текшерүүлөргө мораторий киргиздик. Сезондун жыйынтыгы боюнча салык төлөмдөрүнүн саны 21% түздү. Бул экономиканын ушул тармагынын потенциалын даңазалаган жакшы көрсөткүч. Ушул сыяктуу жетишкендиктер убактылуу салык (патент) менен иштеп жаткан кафе жана ресторандарды камтыган коомдук тамак-аш тармагында да болду. Ошентип, Бишкекте 501 коомдук тамак-аш объектилери экспериментке катышууга макул болушкан. Анын жыйынтыгында салык төлөмдөрү 13 миллиондон 23 миллионго чейин жогорулаган», — деди Биринчи вице-премьер-министр.
Салык төлөмдөрүн көбөйтүү жана салыкты топтоону административдештирүү керектигин айтып жатып, Жоомарт Отрбаев бул бизнеске басым көрсөтүү эмес деп белгиледи. «Биздин милдет – ишкерлерге бизнести жүргүзүүгө болгон жардамыбыз, салык жана башка текшерүүчү органдардын кызматкерлери менен болгон контакты минималдаштыруу. Салыктарды көбөйтүү жөнүндө сөз болгон жок. Биз мурун казнага түшпөй салыкчылардын өздүк чөнтөгүнө кетип жаткан жашырын акча каражаттарын легалдаштыруу жөнүндө айтып жатабыз. Биздин бардык реформалар бизнес-структуралар менен консенсуска жеткен учурда гана жүргүзүлөт», — деп белгиледи ал.
Отурумдун жыйынтыгын чыгарып жатып, Жоомарт Оторбаев министрликтерди жана ведомстволорду расмий эмес экономиканы легалдаштырууга багытталган чаралардын пакетин түзүүгө көмөктөшүүгө даяр болгон экономика тармагындагы көзкарандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жигердүү кызматташууга чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү