15

Сентябрь

2012

Бүгүн, 14-сентябрда, Кыргыз  Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуудагы негизги маселе Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу тутумун мындан ары жакшыртууга болгон мамилеге тийиштүү болду. Жолугушууну ачып жатып, Жоомарт Оторбаев мурунку айларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү мамлекеттик башкарууну жакшыртууга багытталган аныкталган иштерди жүргүзгөнүн белгиледи. «Мамлекеттик аппараттын ишинин санын жана сапатын талдоо жүргүзүлгөн. Анын негизинде министрлик менен ведомстволордун саны 20дан 16га чейин кыскартылды, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер да 1 794кө кыскартылган. Андан тышкары 21ден 12ге чейин текшерүүчү мамлекеттик органдардын саны да кыскартылган. Бул чаралардын баары оң эффект берди. Бирок биз жетишкен жыйынтыктарга токтоп калбайбыз, эксперттерди, кызыкдар болгон бардык эл аралык жана бейөкмөт уюмдарды мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча критерийлерди жана механизмерди иштеп чыгууга жигердүү катышууга чакырабыз», — деди ал. Берилген теманын талкуулоосунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү көзкарандысыз эксперттер жана эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү төмөнкү аспекттерге өзгөчө көңүл бурушту: - мамлекеттик органдар тарабынан бири-биринин функциясын кайталоого жол бербөө; - мыйзамды сактоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселери жана проблемалары менен түздөн-түз алек болгон ыйгарым укуктуу орган түзүү абзел; - мамлекеттик чыгымардын эффективдүүлүгү; - мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртууну жүргүзүүдө максаттарды жана милдеттерди аныктоо керектиги; - мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу үчүн керек болгон түшунүктүү жана кубаттуу критерийлерди иштеп чыгуу. Эксперттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жоомарт Отробаев лицензиялардын санын 3 эсеге кыскартууну көздөгөн “Лицензиялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыкканы жана парламенттин талкулоосуна жиберилгени жөнүндө маалымдады. Ошондой эле республиканын Өкмөтү 386дан турган мамлекеттик кызматтын реестрин бектикени тууралуу билинди, анын ар бирине керектөө стандарты иштелип чыгат. Бул кызматтардын кээ бири акысыз, кээ бири төлөм аркылуу жүргүзүлөт. Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Жоомарт Оторбаев мындан ары улана берчү бул диалогдун конструктивдүүлүгүн белгиледи жана мындай жолугушуулар ачык жана эффективдүү болушу үчүн жумушчу тобун түзүүнү сунуштады. Ага Кыргыз Республикасынын  Аппаратындагы профилдик бөлүмдүн кызматкерлери, жарандык коомдун эксперттери жана өкүлдөрү кирет. Алардын алдында түшкөн сунуш жана пикрилерди топтоп, келечектеги кенен форматтагы жолугушууга конреттүү күн тартибин түзүү милдети турат . «Биз өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болбостон, тескеринче көмөк көрсөткөн мобилдүү мамлекеттик аппарат түзүзүшүбүз керек», -  деди республиканын  биринчи вице-премьер-министри.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү