02
Октябрь
2012
Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге каржы министри Ольга Лаврова, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери катышты.
Фискалдык кызматтардын өкүлдөрү негизинен салык, бажы жана башка төлөмдөрдү чогултуу бүгүнкү күндө пландаштырылгандан 101 пайызды түздү.
Кеңешменин жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев салык министрлигине мамлекеттин фискалдык кызматтары менен бирге мурда белгиленген салык, бажы жана башка төлөмдөрдү чогултуу планын аткаруу максатында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын дагы бир жолу талдап чыгууну тапшырды. «Салык жана бажы кызматтарынын ишине салык, бажы жана башка төлөмдөрдү чогултуу боюнча белгиленген пландарды аткаруусуна жараша баалоо керек. Айрыкча салык жана башка төлөмдөрдү чогултууну администрациялоого көңүл буруш керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү