01

Ноябрь

2012

Бүгүн, 1-ноябрда, Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри менен россиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Өкмөттөр аралык соода экономикалык, илимий-техникалык жана гумманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия комиссиясынын сүйлөшүүлөрүнө орусия тараптан Россия Федерациясынын бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов, Россиянын каржы-өнөр жай Ассоциациясынын президенти Олег Сосковец, Россия менен Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин төрагасы Иван Поляков, «Интеррос» ишканасынын вице-президенти Сергей Батехин, «Геотехнологии» ишканасынын өкүлү Игорь Кругляков, «Приморзолото» ишканасынын башкы директору Евгений Бельченко, «Арсенал» камсыздандыруу компаниясынын президенти Сергей Лобанов, ал эми Кыргызстан тараптан экономика министринин орун басары Олег Панкратов, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев, КР соода- өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору Мелис Джунушалиев, Геология жана минералдык ресурстар агентствосунун директорунун орун басары Эмиль Осмонбетов катышты.

Жолугушууну биринчи вице-премьер-министр ачып жатып, россиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердикти өнүктүрүүнү жолго коюуу үчүн мыйзамдык базаны чыңдап, коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгы боюнча маалымат берди. «Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири жумушчу орундарын түзүү. Муну чечүү экономикага инвестиция тартуу аркылуу жүргүзүлөт. Бул акча эквивалентинде гана эмес, башкаруу тажрыйбасына да байланыштуу. Биздин эң кадырлуу мейманыбыз - бул инвестор. Жакынкы күндөрү бизди Кытай Эл Республикасы менен бириктире турган Ош-Сары-Таш, Эркеч-Там жолу ачылат. Менин оюмча потенциалы жогору орус инвесторлорун Кытайга түз кирүү кызыктырат деп ойлойм” –деди Жоомарт Оторбаев.

Ошондой эле Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү маселеси талкууланды. Ж.Оторбаевдин айтуусунда Кыргызстанда иштеген Россиянын ишканалары үчүн өндүргөн товарларын өткөрө турган кошумча рыноктор пайда болот.

Россиялык ишкерлер эң биринчи кезекте менчикти коргоонун мыйзамдуу кепили болуп, артка кайтпай турган мыйзамдын күчү иштеши керектигин белгилешти. Россиянын каржы-өнөр жай Ассоциациясынын Президенти Олег Сосковецтин айтымында азыркы күндө Россия өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшүп, ишкерлер башка өлкөлөрдө ишкердигин өнүктүрүү менен инвестиция тартууга кызыкдар. «Мисалы, Кыргызстандын баардык геология тармагын советтик окумуштуулар иштеп чыккан, ошондуктан аны иштетүүнү биргеликте кылсак кантип болбосун. Бизге бизнести коргоо зарыл” - деп айтты.

Жоомарт Оторбаев жолугушуунун катышуучуларына өкмөт ири инвестициялык долбоорлордун үстүндө иштеп жаткандыгын маалымдады. Ал, жаңы ивестициялар учурда иштеп жаткан ишкерлер республикабыз туурасында жакшы пикирлерди жаратса гана келет деп белгиледи.

Жолугушуунун аягында россиялык ишкерлер тоо кендерин иштетүү жана Тамчы аэропортун реконстуркциялоо жана башка долбоорлорго кызыкдар экендигин белгилешти. Жоомарт Оторбаев мамлекет россиялык ишкерлер менен баардык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын айтты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү