04
Октябрь
2012
Бүгүн, 4-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Польша депутаттарынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын жетекчилиги парламенттик демократияны курууга аракеттинип жаткандыгын белгилеп өттү. “ Биз “кыргыз велосипедин” ойлоп чыгарайын деп жаткан жокпуз, дүйнөлүк тажырыйбанын жакшы жактарын алгыбыз келет. Бул багытта биздин өлкө сыяктуу эле социализм доорун башынан кечиргенПольшанын парламенттик демократиясынын модели бизди кызыктырат.
Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык маселесин козгоп, биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан польшалык инвестицияга кызыкдар экендигин белгилеп өттү. Ал өлкөдө инвестициялык ылайыктуу кырдаалды түзүү Кыргыз Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири.
Өз кезегинде Ежи Вендерлих Польша Республикасы Кыргызстан менен жигердүү кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ал кыргызстандыктар үчүн Польшанын ар кандай мекемелеринде, уюмдарында тажырыйба алмашууну уюштурууну сунуштады. “Польшага кайтып барганда биздин бизнесмендерге Кыргызстандын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтамын”, - деди депутат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү