05

Октябрь

2012

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жеке секторду өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ), Дүйнөлүк банктын, Азиялык өнүктүрүү банкынын, ЮСАИДдин, Эл аралык финансы корпорациясынын, Кыргызстандагы Германиялык техникалык кызматташтык коомунун, Швейцария кызматташтык бюросунун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда негизги талкуу Кыргыз Өкмөтүнүн бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү программасынын айланасында болду. Жоомарт Оторбаев жаңы түзүлгөн коалициялык Өкмөттүн Программасы Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, азыркы убакта Өкмөт бул Программаны аткаруу боюнча иш Планды иштеп чыгууну аяктап жатат. «Программа абдан амбициялуу, муну ишке ашыруу менен республикадагы ишкерлик чөйрөнү жакшыртып, бизнес жасоону жеңилдетерибизге ишенебиз», - деди биринчи вице-премьер- министр.

Жоомарт Оторбаев донорлорго учурда жеке секторду өнүктүрүү боюнча узак мөөнөткө эсептелген Стратегия иштелип жаткандыгы тууралуу айтып, аларды бул Стратегияны иштеп чыгууда жана ишке ашырууда чогуу иштөөнү сунуштады.

Оз учурунда эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жеке секторду өнүктүрүүдө Өкмөттү колдой турган ниеттерин айтышты. Жолугушуунун катышуучулары Өкмөттүн Программасына оң баа беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр донорлор коомчулугунун Кыргыз Өкмөтүнүн Программасы жөнүндө айткан ойлорун жана сын пикирлердин баары  эске алынарын белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү