16

Январь

2013

Бүгүн, 16-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев  Германия Федаративдүү Республикасынын  Кыргыз Республикасындагы  Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гудрун Мария Срэга менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн экономикалык жактан кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнүн зарылчылыктарын белгилешти.

Жоомарт Отрбаев эки тараптык мамилелердин өнүгүшү тууралуу айтуу менен бирге, кыргыз тарап  февраль айында кыргыз-герман соода-экономикалык кызматташууну талкуулоого германиялык эксперттердин тобунун келишине карата даярдыктарды көрүп жатканын маалымдады. Учурда кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча конкретүү сунуштарды даярдоо боюнча тармактар аралык жумушчу топ түзүлгөн. “Бардык сунуштар жакын арада герман тарабына берилет”,-деди ал.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри алдыда болуучу бул сапардын үзүрлүү болооруна ишенүү менен карап, анын натыйжасы болуп биргелешкен иш чаранын программасын түзүү болуп эсептелинет деп белгиледи.

Өз кезегинде Гудрун Срэга экономикалык кызматташуну жакшыртуу боюнча ой бөлүшүүлөр сапаттуу болооруна немец тарап ишенээрин белгиледи. “Эксперттик топтун иш сапарынын алкагында жоопкерчиликтүү топторго тапшырма берүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн пленардык жолугушууларды уюштурууну сунуштайбыз”,-деп кошумчалады Элчи Гудрун Срэга.

Дипломат жолугушуунун соңунда Германия Кыргызстанга инвестицияны тартууга жардам берүүго даяр экендигин белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                  маалыматтык саясат бөлүмү