07

Декабрь

2012

Ашхабад шаарында  көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин  (КМШ) мамлекет башчыларынын саммитинде  Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер министри Жоомарт Оторбаев Түркмөнстандын  Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев Кыргызстан Түркмөнстан менен баардык багыттар боюнча ийгиликтүү кызматташууну бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдардыгын, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү активдештирүүгө даяр экендигин белгиледи.

Улутттук кызыкчылыктар менен эл аралык кызматташуунун жаңы милдеттерине жооп берген эки тараптуу мамилелерди бийик жаңы деңгээлге чыгарууга тараптар ынтызарлыгын билдиришти.

Гурбангулы Бердымухамедов  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди өзүнө ыңгайлуу учурда  Түркмөнстанга келип кетүүнү чакырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү