18
Январь
Бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Баткен облусундагы чек ара боюндагы Согмент, Чарбак, Таян, Кыштуу жана Газ айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев жакында Сох анклавынын жанында болгон окуядан кийин пайда болгон кырдаалды жөнгө салуу боюнча Өкмөт колдонуп жаткан чаралар тууралуу жергиликтүү тургундарга айтып берди.
Өз кезегинде жергиликтүү тургундар болгон окуяны саясатташтырбоону, ошондой эле мамлекеттик чек аранын баардык чакырымын тартипке келтирүүнү, постторду коюп, чек арачылардын санын көбөйтүүнү суранышты.
Биринчи вице-премьер-министр чек ара боюндагы айыл тургундарынын бардык сунуштары эске алынаарын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү