26
Январь
2012
2012-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Пьер Морель менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда А.Карашев Кыргызстан мындан аркы эки тараптуу алакаларды 2007-жылдын июнь айындагы ЕС тарабынан кабыл алынган Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон стратегиянын негизинде өнүктүрүүгө чоң маани бере тургандыгын айтты. Ошондой эле А.Карашев Кыргызстан ЕС менен сот жана адам укугун коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
«ЕСтин Кыргызстанга болгон мындан аркы эксперттик, каржылоо, техникалык жактан жардамдары мыйзам долбоорлорунун сапаттуу иштелип чыгуусун камсыздап, алардын элге жеткиликтүүлүгүн жакшыртмак”, - деди А.Карашев.
Ошондой эле Биринчи вице-премьер Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлүнүн көңүлүн соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, инвестиция тартуу маселелерине бурду. А.Карашев Кыргызстанга пландаштырылган 30 млн. евро эсебиндеги жардам жакын арада берилээрине ишенимин билдирди.
Биринчи вице-премьер ЕСтин Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүүдөгү салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Чек ара кызматынын, Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигин потенциалдарын көтөрүүдө, терроризм, наркотрафик, эл аралык деңгээлдеги кылмыштуулук менен болгон күрөшүүдө колдоо көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүүнү сунуштады.
П.Морель ЕС дагы Кыргызстан менен болгон алакасын бекемдөөгө, сот системасын реформалоодо жана түштүккө көрсөтүлүп жаткан жардамды улантууга кызыкдар экендигин билдирди.
“Кыргызстанга пландаштырылган 30 млн. евро эсебиндеги жардам процедуралык жумуштар бүтөөрү менен жазга чейин чечилип калышы мүмкүн”, - деген оюн билдирди П.Морель.
Европа Союздун Атайын өкүлү А.Карашевге Европанын инвестициялык банкы Борбордук Азия өлкөлөрү менен иштөө боюнча багыттарды аныктап жаткандыгы туурасында маалыматты айтты. Ошондой эле банктын жаңы Президенти менен Кыргызстандын жетекчилигинин ортосунда тыгыз байланыштын болушу кызматташтыкты илгерилетүүгө өбөлгө боло тургандыгын белгиледи.
Жолугушуу учурунда эки тарап Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүн, анын ичинде республиканын Бажы уюмуна кирүүсүнүн келечегин да талкуулашты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү